<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>940</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.Em                   C
 Теңирим, келемин тизе бүгүп Сага,
.       D           B
 Бүт муктаждыгымды таштайм бут алдыңа,
.       Em     C       D      B
 Сактайсың мени жашоо бурганагында,
.Am           B        Em      B
 Бүт өмүр жолум айкын Сенин алдыңда.

[C1]
.        Em
   Теңирим, сүйүүмсүң Сен менин,
.          Am       D
   Аска-зоом менин, жөлөнөрүм, таянар
   тирегим,
.           G         C
   Теңирим, сүйүүмсүң Сен менин,
   коргонор сепилим,
.         Am    B
   Калкаларым бир Өзүң, ыйык чебим.

[V2]
 Коркпоймун Сени менен өлүм сүрүнөн,
 Асманга барганда, тынчтыкка бөлөнөм.
 Жүзүмдү аарчыйсың Сен көз жаш төгүлгөн,
 Бир Өзүң катамды кечирген, түшүнгөн.

[V3]
 Даңктай берем жашоомдо запкы тартсам да,
 Сени күтүп ырдайм жан-дилден дайыма.
 Билем, келесиң Сен, жолугам жакында,
 Көтөрүп аласың Жыйынды жаныңа.</lyrics>
<title>Теңирим, келемин тизе бүгүп Сага РЫЖ320</title>
<key>Em</key>
</song>